Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарына тапшырылган жаңы тез жардам унааларын натыйжалуу пайдаланып, алардын техникалык даярдыгын үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен ар бир чакырууга өз убагында жетүү тапшырмасын берди.
Анын айтымында, калктын саламаттыгы, эмгек өндүрүмдүүлүгү жана технологиялык өнүгүү өз ара тыгыз байланышта. Айрыкча тез жардам системасынын даярдыгы мамлекеттин адам өмүрүн коргоо мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт.
"Президентибиздин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар өлкө экономикасынын өсүшүнө жана ири социалдык милдеттерди ишке ашырууга негиз түзүүдө. Ички дүң продукция туруктуу 10 пайыздык өсүштө келе жатат. Экономиканын өсүшү менен мамлекеттик каражаттын көлөмү да кеңейүүдө. 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 209,9 миллиард сомду түзсө, мына быйыл бул көрсөткүч 700 миллиард сомдон ашат. Анын ичинде саламаттык сактоо тармагына 2021-жылы 26 миллиард сом бөлүнсө, 2026-жылы 73,1 миллиард сомго жетти. Каржылоо дээрлик 2,8 эсеге өстү. Мындай мамлекеттик колдоо медициналык инфраструктураны модернизациялоо, жабдууларды жаңылоого жана кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга шарт түздү", — деди Касымалиев.
Ал ошондой эле өз сөзүндө бүгүн өлкө аймактарындагы медициналык мекемелерге 73 жаңы тез жардам унаасы тапшырылып жатканын белгиледи.
“Бүгүн биздин аймактарга “В” классындагы 73 жаңы тез жардам унаасын мына тапшырып жатабыз. Буга чейин 100 Chevrolet Tracker кызматтык унаасы берилген. Азыркы медицинада "алтын саат" түшүнүгү өзгөчө мааниге ээ. Оор абалдагы бейтапка жардам канчалык эрте көрсөтүлсө, өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогорулайт. Ошондуктан тез жардам унаасы жөн гана транспорт каражаты болбостон, госпиталга чейинки медициналык жардамдын мобилдүү звеносу болуп саналат. Жаңы унаалар өпкөнү жасалма желдетүүчү аппарат, көчмө электрокардиограф, кычкылтек берүүчү система жана башка зарыл жабдуулар менен камсыздалган. Алар чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга тез жардам көрсөтүүгө ылайыкталган. “В” классындагы унаалардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү медициналык кызматкерлерге бейтаптын абалын окуя болгон жерден тартып көзөмөлдөөгө, зарыл жардам көрсөтүүгө жана ооруканага жеткирүү учурунда жардам берүүгө шарт түзөт”,- деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, тез жардам унаалары Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “Баштапкы медициналык санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу” программасынын алкагында сатып алынган.
“Биз үчүн принципиалдуу маселе мындай мүмкүнчүлүк борбор шаарда гана эмес, алыскы айылдарда жана тоолуу аймактарда да жеткиликтүү болушу. Медициналык жардамдын сапаты адамдын жашаган жерине көз каранды болбошу керек. Учурдан пайдаланып бул унаалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Баштапкы медициналык санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу” программасынын алкагында сатып алынды. Жалпы наркы 313 миллион сомдон ашат, ушул кызматташтык үчүн Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирем.
Урматтуу дарыгерлер, фельдшерлер, медайымдар жана айдоочулар жаңы техниканын мүмкүнчүлүгү аны пайдаланган адистердин даярдыгы менен толукталат. Өз убагында кабыл алынган чечим, туура медициналык аракет жана ыкчам жеткирүү адам өмүрүн сактоонун чечүүчү шарттары. Сиздердин жоопкерчиликтүү эмгегиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге тапшырма унааларды натыйжалуу пайдаланып, техникалык даярдыгын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана ар бир чакырууга өз убагында жетүү. Жаңы тез жардам унаалары элибизге көпкө чейин кызмат кылсын”,- деди минкаб төрагасы.
Эскерте кетсек, бүгүн Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына 73 тез жардам унаасын тапшыруу аземи өттү. Жаңы унаалар калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарына берилди.