Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта өлкө аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарына 73 тез жардам унаасын тапшыруу аземи өтүүдө.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышып, аймактардан келген саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрүнө унааларды тапшырууда.
Маалымдалгандай, жаңы автоунаалар чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган.
Тез жардам унаалары өлкөнүн бардык аймактарындагы медициналык уюмдарга төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Баткен облусуна — 13 унаа;
- Жалал-Абад облусуна — 12 аунаа;
- Ош облусуна — 12 унаа;
- Ысык-Көл облусуна — 9 унаа;
- Нарын облусуна — 6 унаа;
- Чүй облусуна — 6 унаа;
- Талас облусуна — 5 унаа;
- Ош шаарына — 10 унаа.
Белгилей кетсек, тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында сатып алынган.