Саламаттык сактоо министрлиги аймактарга 73 тез жардам унаасын сатып алат

Ден соолук 14 сентябрь 2026 18:46
Саламаттык сактоо министрлиги аймактарга 73 тез жардам унаасын сатып алат
copyright icon WWW

Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан боюнча 73 тез жардам унаасын сатып алууда. Аларды октябрь-ноябрь айларында алуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдардын жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тендер өткөрүлүп, тиешелүү келишимдер түзүлгөн. Унааларды жеткирүү октябрь-ноябрь айларына пландалууда.

“Биз 73 тез жардам унаасын сатып алып жатабыз. Тендер өткөрүлүп, келишимдер түзүлдү. Унаалар октябрь-ноябрь айларында жеткирилет”, — деди Тилек Мамадалиев.

Жаңы тез жардам унаалары калктын санына жана аймактардын муктаждыктарына жараша өлкөнүн аймактарына бөлүштүрүлөт.

Мындан тышкары, министрлик башка донорлор менен да иш алып барууда. Тиешелүү келишимдер азырынча түзүлө электигине байланыштуу бул багыттагы жеткирүүлөр боюнча маалыматтар азырынча ачыкталбайт.

“2027-жылдын аягына чейин Кыргызстанды тез жардам унаалары менен камсыз кылуу боюнча стратегиялык планыбыз бар”, — деп белгиледи Тилек Мамадалиев.