Саламаттык сактоо министрлиги жаңы тез жардам унааларын сатып алат

Коом Загрузка... 29 Июнь 2026 13:00
NazarNews_288774558735210018821031959051160368422.jpg
copyright icon www

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаардык Тез жардам борборунун иши менен жеринен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда министр диспетчердик борбордун, чакырууларды кабыл алуунун автоматташтырылган системасы жана бригадалардын ишине күбө болду.

Ошондой эле жол-транспорт кырсыгы тууралуу чакыруу түшүп, министр тез жардам бригадасы менен бирге окуя болгон жерге барды.

Кызматкерлердин айтымында, тез жардам унааларынын жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

Учурда Саламаттык сактоо министрлиги жаңы тез жардам унааларын сатып алуу боюнча тендердик процедураларды жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында кошумча төрт тез жардам станциясынын иши уюштурулган. Бирок санитардык унаалардын жетишсиздигинен улам алар азырынча толук кубаттуулукта иштей элек. Жаңы унаалар келгенден кийин алар толук ишке киргизилет.

Муну менен тез жардам бригадаларынын бейтаптарга жетүү убактысы кыскарып, шашылыш медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жогорулайт.