Улуттук госпиталга тез жардам унаасы тапшырылды

Коом 19 Июнь 2025 15:00
ё1.jpg
508540660_741542751606429_1016412394013971603_n.jpg
508649797_741542791606425_6781181590163106639_n.jpg
509230025_741542688273102_1554792442604948278_n.jpg
509356995_741542418273129_2320143442726854419_n.jpg
509421474_741541851606519_6183966428584627531_n.jpg
509423488_741542661606438_6802256737790799954_n.jpg
509426514_741541598273211_378367766550532771_n.jpg
510440962_741542468273124_2619111893067167549_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Бүгүн Улуттук госпиталга заманбап тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, унаа "Шаньшуй Силк Роуд КейДжи" ЖЧКсы тарабынан тартууланды.

Салтанаттуу тапшыруу аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов, "Шаньшуй Силк Роуд КейДжи" компаниясынын башкы директору Чжоу Минь жана госпиталдын жамааты катышты.

Министрдин орун басарынын айтымында, бул белек – өлкөдөгү эң ири медициналык мекемелердин бири болгон Улуттук госпиталдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошулган маанилүү салым. Тез жардам унаасы мекемедеги медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн бир топ кеңейтет.