Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. 1-сентябрдан тарта жол эрежесин одоно бузган айдоочулар жеринде токтотулуп, жол кыймылынын эрежесин канчалык деңгээлде билери сурамжылоо аркылуу текшерилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө айдоочулардын айдоо маданияты толук кандуу калыптанбай жатат. Анткени катталып жаткан жол кырсыктарынын дээрлик 90%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолууда. Бул айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин билбегендиктен, жолдо жүргөндө айдоо маданиятын сактабагандыктан кездешүүдө.
“Айрыкча катуу ылдамдыкта унаа айдагандар, карама-каршы тилкеге чыккандар, алдыдагы унаадан ашып өткөндөр, мас абалында транспорт каражатын башкаргандар, эки көчөнүн кесилишинде бири-бирине жол бошотуп бербеген учурлардын айынан кырсыктар катталып жатат. Президент Садыр Жапаров айдоочуларга сурамжылоо иштерин жүргүзүп, билбегендерин экзаменге жиберүү боюнча тапшырма койгон. Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик кызматтар менен биргеликте атайын жумушчу топ түзгөн. Учурда алар сурамжылоонун механизмдерин, жол-жобосун иштеп чыгышты. Азыр макулдашууда турат. Анда көрсөтүлгөндөй, жол эрежесин одоно бузгандар жеринде токтотулуп, жол белгилери боюнча сурамжылоодон өтөт. Толук кандуу жооп бере албаган учурда айдоочулар экзаменге жөнөтүлөт. Бул 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет”, - деди ал.
Ошондой эле Байказы Айтикул уулу белгилегендей, жол эрежесин бузгандарга карата айыптардын өлчөмү Укук бузуулар кодексинде каралгандай эле, аларга өзгөртүүлөр киргизилген жок.
“Мындан 10-15 жыл мурда жол унаа кырсыгы эмнеден улам пайда болоруна анализ жүргүзгөнбүз. Анда жолдун абалынын, автоунаанын техникалык абалынын айынан улам жол кырсыктары болуп жатат деп айтчубуз. Бүгүнкү күндө анализ көрсөткөндөй, жол кырсыктары айдоочулардын жоопкерчилигинин жоктугунан жана жолдо унаа башкаруу маданиятын сактабагандыктан көп болуп жатат”, - дейт Байказы Айтикул уулу.
Эске салсак, саналуу күн мурун “Кабар” агенттигине ички иштер министри Улан Ниязбеков 1-сентябрдан тартып жолдо унаа башкаруу маданиятын сактабаган айдоочулар аныкталса, күбөлүгү убактылуу алынат жана алар кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилерин айткан.
“Бишкек–Ысык-Көл, Бишкек–Ош жана Торугарт унаа жолдорунда жүрүп калам. Ошондо бир нерсени көп байкайм. Жолдо бара жаткандардын көпчүлүгүндө унаа башкаруу маданияты жок. Тилекке каршы, ошол себептерден улам көп кырсыктар болуп жатат. Мисалы, чет өлкөлөрдө трассаларда шашпай бара жаткандар оң тилке менен жүрүшөт, ылдам жүргөндөр сол тилке менен өтөт. Сол жак ар дайым бош болуп, ылдам жүрүүгө шарт түзүлөт. Бизде болсо тескерисинче. Көп айдоочулар сол тилкеге түшүп алып, жай айдап, башкаларга тоскоолдук жаратып, жол беришпейт. Жолду өзү куруп алгандай ортого дагы түшүп алгандар бар”, - деген министр.