Жол кырсыгына кабылган Какен Эгимбаева: Сөөктөрүмдүн ордунда темир

Аймак Загрузка... 18 Март 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Нарын шаарынын тургуну Какен Эгимбаеванын бүтүндөй жашоосун бир жол кырсыгы түп-тамыры менен өзгөрткөн. Каргашалуу окуядан кийин анын эки буту баспай, бели күч бербей калган. Майыптар арабасына таңылганына туура он жыл болду. Какен Эгимбаева көп жыл бул акыбалын кабыл ала алган эмес. Убакыт өтүп, эки буту баспаса да, эки колунун күч бергенине каниет кылып, жашоосун улантканын айтат.

WhatsApp Image 2026-03-18 at 14.55.16.jpeg
“2016-жылы Кубакы ашуусунан жол кырсыгына кабылдым. Унаа тайгаланып, учуп кетиптирбиз. Бирок мен эмне болгонун билбейм. Эс-учумду жоготуп коюптурмун. Бир жумадай комада жаттым. Бүт сөөктөрүм сыныптыр. Башыма оор операция жасалган. Омурткаларымдын ордуна, акырегиме темир коюлган. Кыскача айтканда, “терминатор” болуп калгам. Эки жылдай төшөктөн турбай жаттым. Ооруган кишиге жакындарынын жылуу мамилеси эле керек. Алардын мээрими, жылуу сөзү кадимкидей айыктырат экен. Кырсыкка чейин досторум аябай көп болчу. Азыр эки-үчөө эле калды. Кимдин ким экени башыңа сыноо келгенде билинет экен”, — дейт ал.
WhatsApp Image 2026-03-18 at 14.55.17 (2).jpeg

Какен Эгимбаева кесиби боюнча журналист. Эмгек жолун гезиттен баштап, кийин почта тармагында иштеген. Акыркы жумуш ордунда ашканада кызмат көрсөтүп эмгектенген. Каарманыбыз үчүн башкы принцип — адал жол менен ырыскы табуу.

Жол кырсыгынан кийин үйдө отуруп калууга аргасыз болгон. Бирок 2022-жылы өзүн кайра колго алып, “Үмүт шооласы” коомдук уюмун түзгөн. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бириккен.

“Биздин уюмга отуз адам мүчө болду. Баарыбыз таякчан, коляскада отурабыз. Менин башымдан өткөн үчүн билем да: кандай дарыланыш керек, кантип отуруп-туруш керек. Ошол отуз балага жол көрсөтүп, кеп-кеңеш берип, чогуу иш кылабыз. Биздин жогорку окуу жайлар менен келишимибиз бар. Уюмга мүчө балдар окуп жатышат. Кээ бири ишке орношкон”, — дейт ал.
WhatsApp Image 2026-03-18 at 14.55.17 (3).jpeg

Какен Эгимбаева коомдон обочолонуп калбоо үчүн, төрт жыл мурда паралимпиадалык спортко аралаша баштаган. 2023-жылы өз салмагында кол күрөш боюнча чемпион болгон. Ошол эле жылы Казакстанда өткөн чемпионатка катышкан. Бирок тажрыйбанын жетишсиздигинен, байгелүү орунга илине албай калган. Учурда спортчунун куржунунда эки алтын жана бир күмүш медаль бар.

“Кол күрөштө кол сынып кетет. Сөөк сынганда абдан катуу үн чыгат, жаман угулат. Ал менин кулагыма сиңип калыптыр. Себеби Кыргызстанда өткөн мелдештерде сөөк сынган учур көп болду. Казакстанга барганда тажик, түркмөн, казак улутундагы атаандаштар менен беттештим. Күрөшкө старт берилгенде алар кыйкырып башташат. А мен колу сынып кеттиби деп чоочуп, жакшы күрөшө албай койдум. Көрсө, дасыккан спортчулар ошентип күрөшөт экен. Казакстандан байге албасам дагы, катышканыма курсант болуп келдим. Эл аралык беттештерге барганыма таасирлендим. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам, Кыргызстандан тышкары чыга элекмин. Бизди каржылоого акча бөлүнбөйт. Жакында эле Индияга барып келүү сунушу түштү. Баягы эле каражатка такалып, бара алган жокмун”, — деди паралимпиадачы.
WhatsApp Image 2026-03-18 at 14.55.18 (2).jpeg

Каарманыбыз кол күрөштө күчүн сынап, дүйнөлүк аренага чыкканды кыялданат. Өзүн-өзү тейлеп, жалгыз жашайт. Китеп окуганды жакшы көрөт. Калем кармап, ыр да жазып коёт. Ал бир нече китептин автору. Учурда биринчи топтогу майыптыгы бар. Ал үчүн 12 миң сом жөлөк пул алат. Ал эми жашаган жери — ижарадагы батир.