Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Тажикстанда КМШга мүчө мамлекеттер арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн эл аралык кароо сынагы өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, кароо сынакка Кыргызстандын атынан Чүй облусундагы Макиш Койбагаров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары катышат.
Аларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан мектеп баштыкчалары берилди. Ошондой эле катышуучуларга каалоо-тилектер айтылып узатылды.
Мындан тышкары, бул эл аралык кароо сынакка катышуу өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алууга жана үгүт насаат иштеринин жүргүзүлүүсүнө өбөлгө болору эскертилди.
Кошумчалай кетсек, КМШга мүчө мамлекеттердин арасындагы мектеп окуучуларынан түзүлгөн эл аралык Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2025 кароо сынагы быйыл 15-июлдан 19-июлга чейин Тажикстанда өтөт.