Жол куруудагы жогорку көрсөткүчтөр

Экономика 29 август 2025 15:08
78f7c26d-0324-4868-a713-b74bb370e256.jpg
98a7a4a8-b95a-4f8b-89c3-ffe4f484d69e.jpg
a17ff300-d6fc-4b0e-93b0-6f20f5bafeaf.jpg
Алдыга
Артка
78f7c26d-0324-4868-a713-b74bb370e256.jpg
98a7a4a8-b95a-4f8b-89c3-ffe4f484d69e.jpg
a17ff300-d6fc-4b0e-93b0-6f20f5bafeaf.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар
Кабар

Жол бул мамлекеттин жүзү, өлкөнүн кан тамыры. Акыркы жылдары бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, бир кезде капиталдык оңдоого суусап турган жолдор учурда оңдолуп, кеңейтилүүдө. Бул иштер айдоочулар үчүн убактылуу ыңгайсыздык жаратканы менен келечекте шаарлар менен аймактардын ортосундагы каттамды жеңилдетээри талашсыз. Ушул жылы республика боюнча 1152,6 чакырым жол оңдоо пландалган. Бүгүнкү күнгө карата анын 665 чакырымына асфальт басылды. Бул жылы каржылоонун көлөму 27 млрд сомго жетти.