Жол куруудагы жаңы ыкма: Эски асфальт кайра иштетилип колдонулууда

Коом 30 10 Август 2026 14:45
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.08.00.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Кант – АБЗ унаа жолун асфальттоо иштеринде ресайклинг технологиясы Кыргызстанда биринчи жолу колдонулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, технологиянын өзгөчөлүгү – жолдун эски асфальт катмары атайын техника менен ошол жерде кайра иштетилип, ага шагыл жана башка керектүү материалдар кошулат. Натыйжада жаңы асфальт төшөлө турган жолдун негизи даярдалат.

"Бул ыкма курулуш чыгымдарын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөгө, ошондой эле жол куруу жана оңдоо иштеринин мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, ресайклинг технологиясы бир катар чет өлкөлөрдө жолдорду реконструкциялоо жана оңдоодо кеңири колдонулуп келет.