Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын 1-августуна карата жалпы узундугу 1100 чакырымды түзгөн унаа жолдорунда асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 645 чакырымга көп. Былтыр 1-августка карата өлкөдө 455 чакырым жол гана асфальтталган.
Министрлик белгилегендей, быйыл жол куруу жана асфальттоо иштеринин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге өстү. Учурда республикалык маанидеги жана ички автожолдордо курулуш, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери графикке ылайык уланууда.