Жол коопсуздугун камсыздандыруу! ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат

Коом Загрузка... 17 Июнь 2025 11:35
copyright icon www

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Мындан ары бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирет.

Кырсык болгон учурда:

- Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин;

- Жаракат алгандарга — 100 000 сомго чейин;

- Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган.

"Адам өмүрү баарынан кымбат! Күтүүсүз келген кырсыктан кудай сактасын! Жол жүргөндө сак болуңуз! ОСАГО менен сиз өзүңүздү, жүргүнчүлөрдү жана башкаларды коргой аласыз ",-деп айтылат уюмдун маалыматында.