Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Токмок жана Кантта ишкерлер менен мүлктү камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришкендей, төраганын орун басары Закир Айдралиев 22-октябрда Токмок шаарынын мэри Кутпидин Шакиров, ал эми 23-октябрда Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев менен жолугушту. Ошондой эле эки шаардын ишкерлери жана өндүрүш ишканаларынын жетекчилери менен баарлашып, камсыздандыруу маселелерин талкуулады.
Жолугушууларда ишкердик мүлктү, товарларды жана өндүрүш объектилерин камсыздандыруунун мааниси, мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу сөз болду. Орун басар катышуучулардын суроолоруна жооп берип, камсыздандыруу полисин тариздөө тартибин, талап кылынуучу документтерди жана камсыздандыруу окуясы катталган учурда төлөм алуу шарттарын түшүндүрдү.
Кыш мезгилинин алдында өрт коопсуздугун сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Электр жабдууларын туура пайдалануу, жылытуу системаларын текшерүү, электр зымдарынын абалын көзөмөлдөө жана өрттүн алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, жакында "Мадина" жана "Жунхай" базарларында чыккан өрт соодагерлерге олуттуу материалдык зыян келтирип, көптөгөн ишкерлерди кыйын кырдаалга кептеди. Бул окуялар товарларды, жабдууларды жана башка мүлктү алдын ала камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү. Камсыздандыруу күтүлбөгөн кырсыктан улам келип чыккан чыгымдарды азайтууга жана ишкердикти калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт.
Жолугушуулардын жүрүшүндө ОСАГО, турак жайды милдеттүү камсыздандыруу (ОСЖ), ошондой эле товарларды, эмеректерди, тиричилик техникасын, өндүрүш жабдууларын жана башка мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу тууралуу маалымат берилди.
"Ишкерлерге соода ишинин көлөмүнө жана жеке муктаждыктарына жараша товарларын, мүлкүн жана башка баалуулуктарын камсыздандыруу жолдору түшүндүрүлдү. Камсыздандыруу келишимине кол коюудан мурда анын шарттарын кылдат окуп чыгуу, камсыздандыруу суммасын туура аныктоо жана керектүү документтерди өз убагында даярдоо сунушталды",-деп айтылат маалыматта.