Катуу шамалдан жабыркаган мектепке 2,2 млн сом камсыздандыруу төлөмү берилди

Коом 24 Август 2026 15:20
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.31 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.34.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-24 at 15.15.31 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon МКУ

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коому катуу шамалдан жабыркаган мектептин чатырын оңдоого камсыздандыруу төлөмүн толугу менен төлөп берди. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу Ново-Покровка айылындагы Жусуп Абдрахманов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин имараты табигый кырсыктан улам эки жолу зыян тарткан.

Белгиленгендей, 2026-жылдын 10-июнунда катталган катуу шамалдын кесепетинен мектептин чатыры жабыркап, тиешелүү материалдар топтолгон. Көп өтпөй, 27-июнь айында дагы катталган күчтүү шамал объекттин чатырын кайрадан зыянга учураткан.

Бул окуя өзүнчө камсыздандыруу учуру катары катталып, тиешелүү арыздар өзүнчө тартипте даярдалган.

"Документтерди жана келишимдин шарттарын карап чыгуунун жыйынтыгында, “МКУ” ААК тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпысынан 2 211 220 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү которулду",-деп айтылат маалыматта.