Эми "Мой свет" аркылуу коммуналдык кызматтарды да төлөөгө болот

Коом
Эми "Мой свет" аркылуу коммуналдык кызматтарды да төлөөгө болот
copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Эми "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу электр энергиясына гана эмес, башка коммуналдык кызматтардын эсептерин да көрүп, төлөөгө болот. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК билдирди.

Жаңы функцияны колдонуу үчүн тиркемени ачып, "Төлөмдөр" бөлүмүнө өтүп, экрандын төмөн жагындагы "Коммуналдык кызматтар" баскычын тандоо керек. Ачылган бөлүмдөн керектүү кызматтарды кошуп, эсептелген төлөмдөрдү көрүп, акысын төлөөгө болот.

Ошентип, колдонуучулар үйдөн чыкпай туруп, бир тиркеме аркылуу коммуналдык кызматтардын төлөмдөрү тууралуу маалымат алып, эсептеше алышат.