Кыргызстан кийинки жылы "КМШ үчүн 100 идея" жаштар сынагын өткөрөт

Коом
858525059_1662057242379370_807769243498687951_n.jpg
885667295_1757787078638526_5707338336632552398_n.jpg
885721382_1430225795930957_2796248844483645560_n.jpg
885729572_1425923342932211_6535004722276157319_n.jpg
886293746_2829324937463329_1570658827142007547_n.jpg
886811823_2032093777451847_4091024166131884189_n.jpg
888088812_1626308148975859_139871079431242900_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстан 2027-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин жаштары катышкан "КМШ үчүн 100 идея" эл аралык конкурсун өткөрөт. Бул тууралуу Москва шаарында өткөн уюмга мүчө өлкөлөрдүн Жаштар иштери боюнча кеңешинин жыйынында маалымдалды.

Анда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Кыргызстанда өтө турган сынакты уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдык иштери тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына караганда, жыйында КМШ өлкөлөрүнүн жаштар саясаты жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, жаштар менен иштөөдөгү актуалдуу маселелер жана келечектеги пландар талкууланды.

Иш-чара КМШнын Жаштар иштери боюнча кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана шериктештиктин негизделгенинин 35 жылдыгына арналды.

Ага КМШга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.