Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. “Көчмөндөр санаты” фестивалы көчмөн цивилизациясынын музыкалык мурасын сактоого, илимий жактан изилдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков фестивалдын ачылышында билдирди.
Анын айтымында, фестивалга дүйнөнүн дээрлик бардык континенттеринен 38 мамлекеттин өнөрпоздору, окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү катышууда.
“Көчмөн цивилизациясынын музыкалык мурасы кылымдарды карыткан тарыхый эс тутумдун, элдин дүйнө таанымынын, философиясынын жана руханий байлыгынын көркөм чагылдырылышы. Улуу муундан кийинки муунга оозеки түрдө өтүп келген обон, күү, эпос, дастан жана аткаруучулук салттар биздин жалпы адамзаттык маданий мурастын баа жеткис бөлүгү болуп эсептелет.
“Көчмөндөр санаты” фестивалы дал ушул улуу мурасты сактоо менен гана чектелбестен, аны илимий жактан изилдөөгө, өнүктүрүүгө жана заманбап маданий мейкиндикке чыгарууга багытталган маанилүү эл аралык аянтча болуп эсептелет.
Фестивалдын өзгөчө баалуулугу — илим менен өнөрдүн, салт менен заманбаптыктын, мурас менен чыгармачылыктын өз ара айкалышында. Бул жерде окумуштуулар көчмөн цивилизациясынын маданий мурасын илимий негизде талкуулашса, залкар устаттар жана таланттуу аткаруучулар өз өнөрү аркылуу кылымдардан келген руханий мурастын жандуу үлгүлөрүн тартуулашат.
Айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык өнөрдүн өкүлдөрүнүн башын бириктирген эл аралык сынак салттуу музыкалык мектептердин көп түрдүүлүгүн көрсөтүү менен бирге, алардын өз ара чыгармачылык жана кесиптик байланыштарын чыңдоого кеңири мүмкүнчүлүк берет.
Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай — “Устат-шакирт” салтынын уланышы. Анткени маданий мурас китептерде жана архивдерде гана эмес, эң оболу адамдын жүрөгүндө, үнүндө, колунда жана чыгармачылык тажрыйбасында жашайт.
Бүгүн бул жерде жаңырган ар бир күү, ар бир обон, ар бир дастан жана ар бир аткаруу өткөн менен бүгүнкүнү, бүгүнкү күн менен келечекти байланыштырган руханий көпүрө болот деп ишенем.
“Көчмөндөр санаты” фестивалы элдердин достугун, маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү жана чыгармачылык кызматташтыкты бекемдеген туруктуу эл аралык маданий аянтчага айлансын.
Фестивалга катышып жаткан жалпы өнөрпоздорго, окумуштууларга, устаттарга, чыгармачыл жамааттарга ийгиликтерди, бекем ден соолук жана бийиктиктерди каалайм. Өнөрүбүз өркүндөп, мурасыбыз муундан муунга өтүп, элдердин достугу жана маданий ынтымагы бекемделе берсин!
Алыстан келген, четтен келген, Кыргызстанга алгачкы жолу келген, Көчмөндөр оюндарына катышып жаткан жалпы конокторго Кыргызстаныбызга кош келипсиздер демекчимин”, — деди Союзбек Надырбеков.