Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик тилде маалыматты сапаттуу, так жана жоопкерчиликтүү таратуу тилдин өнүгүшүнө жана коомдо коррупцияга каршы маданияттын калыптанышына чоң салым кошот. Бул тууралуу коррупцияга каршы күрөшүү маселелерине арналган семинарда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.
Анын айтымында, ЖМКнын жана санариптик платформалардын ролу 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ.
"Бул багытта жалпыга маалымдоо каражаттарынын, журналисттердин жана блогерлердин ролу өзгөчө. Коом дал сиздердин сөзүңүздөр жана берген маалыматтарыңыздар аркылуу окуялар тууралуу маалымат алып, аларга баа берип, өзүнүн дүйнө таанымын калыптандырат. Ошондуктан коомдук мааниге ээ болгон ар бир темага, өзгөчө коррупцияга, мыйзам бузууларга жана коомдук кызыкчылыктарга байланыштуу маселелерге кылдат жана тең салмактуу мамиле кылуу зарылдыгын өзгөчө белгилегим келет", – деди ал.
Ал ошондой эле мамлекеттик органдар өз кезегинде маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн толук камсыз кылууга милдеттүү экенин баса белгиледи.
"Коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик органдардын гана иши эмес. Бул – мамлекет менен коомдун, журналист менен мамлекеттик кызматкердин, мугалим менен ата-эненин, жаштар менен улуу муундун биргелешкен жоопкерчилиги", – деди ал.
Өткөрүлгөн семинар мамлекеттик сектор менен медиакоомчулуктун өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган практикалык аянтча болууга тийиш.
Иш-чаранын соңунда Маданият министрлиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында мындай демилгелерди ар тараптан колдоону жана аларды ишке ашырууга активдүү катышууну улантары белгиленди.
Эске салсак, Бишкекте ЖМКда жана санариптик медиада коррупция темасын чагылдыруу боюнча республикалык семинар өтүп жатат.