УКМК тыюу салынган диний агымдын мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Коом Загрузка... 15 Май 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний агымынын айрым мүчөлөрүнө түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус казыятынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тыюу салынган диний агымдын жактоочулары тандап алган жолунун туура эместигин моюнга алып, экстремисттик көз караштарды айыпташып, КР мыйзамдарын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоого даяр экендиктерин айтышты.

УКМКдан белгилешкендей, дин өкүлдөрү менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп келет. Аталган иш-чаралар жарандарды интернетте диний темада тараган маалыматтарга этият мамиле кылууга, Ислам дининин негиздерине каршы келген жалган убадаларга жана окууларга алданбоого чакырууга багытталган.