Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Нарын районунда 1 346 гектар эсепке алынбаган айыл чарба жерлери аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Анын ичинен 18,29 гектары чабынды жерлер, 864,15 гектары кайрак жерлер, 483,85 гектары сугат жерлер жана 14 гектары калктуу конуштардын жерлери болуп саналат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин басымдуу бөлүгү 20 жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ижара келишими түзүлбөстөн, жарандар тарабынан акысыз пайдаланылып келгендиги аныкталды.