Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Кенже жетекчилик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүгө сынак жарыяланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Ал белгилегендей, сынакка 19дан 30 жашка чейинки жалпы орто билимге ээ болгон айдоочулук күбөлүгүнүн В менен С категориясы бар жарандар талапкер боло алат.
Сынакка катышууну каалагандар 30-майга чейин төмөнкү документтерди алып келиши керек:
- жеке арыз;
- кадрларды каттоо боюнча баракча;
- өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
- автобиографиялык реферат;
- билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын сынак учурунда көрсөтөт);
- паспорттун көчүрмөсү;
- никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
- укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
- 9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт.
Документтер Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсү, 1а дарегинде кабыл алынат. Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.