Жол инспекторлору Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Коом 19 Март 2025 17:44
484589462_18399817678100985_84572255022211930_n.jpg
484806318_963029912626095_4386273028440439992_n.jpg
485679962_18399817630100985_257700156503136947_n.jpg
485045582_18399817654100985_122099769955637950_n.jpg
484875942_18399817621100985_5607957806659259127_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Жол инспекторлору Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ИИМдин борбордук аппаратына башкы башкармалыктын жетекчилиги тарабынан 21-март Нооруз майрамы учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча саптык кароо өткөрүлдү.

Анда кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, кесиптик даярдыгы текшерилди.

Муну менен катар, өздүк курамды көзөмөлдөгөн кураторлорго эң биринчи тартип жана мыйзамдуулукту сактоону, кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болуу эскертилди.

Ал эми, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүүгө жана тажрыйбасы мол кызматкерлерден насаатчылыкты дайындоо тапшырмасы коюлуп, жалпы жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.