Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Аба ырайынын начарлашына байланыштуу көпчүлүк аймактарда катуу кар жаап, жолдордо көрүүнүн деңгээли төмөндөдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, саат 21:00гө карата Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда, ошондой эле Бишкек — Нарын — Торугарт автожолундагы ашууларда шамал күчөп, жол дээрлик көрүнбөй калган.
Министрликтин билдирүүсүндө жол тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканы белгиленди.
Учурда Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Түз-Бел ашуусунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Аймакта бороон басылгандан кийин Жол тейлөө ишканасы тазалоо иштерин улантат.
Ошондой эле Долон жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө күчүндө калууда. Башка жолдордо жана ашууларда унаа каттамы бар.
Министрликке караштуу жол тейлөө мекемелери күндүз-түнү атайын кезмет жүргүзүп, кум-туз аралашмасын чачуу жана жолдорду тазалоо иштерин аткарып жатат.
Бирок айрым аймактарда кардын калың түшүшү жана узакка созулган бороон техниканын ишин татаалдаштырууда. Кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык күч-аракет жумшалып, кошумча техника да тартылганы кабарланды.