Жол ачык, каттам бар – өлкөнүн ашууларындагы абал

Аймак Загрузка... 13 Октябрь 2025 10:35
1.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрликке караган Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери зарыл учурларда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле министрлик тарабынан 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.

"Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган болсоңуз унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууну унутпаңыз", - деп айтылат маалыматта.