Бишкек, 21.12.25 /Кабар/. Бүгүн саат 12:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Нарын – Актал-Чат – Казарман унаа жолунун 72-94-чакырымындагы Кара-Гөө ашуусуна жана 42-44-чакырымындагы Ийри-Суу участогуна түшкөн кар көчкүнүн натыйжасында жана кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан 12-декабрдан тартып жеңил жана оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө алына элек.
Белгилей кетсек, жети дубан жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.
Транспорт министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.