Жол ачык, каттам бар – 09:00гө карата ашуулардагы абал

Аймак Загрузка... 16 Январь 2026 09:13
1.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

"Кыргызавтожол-Түштүк" жана "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, буга чейин 17-19-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрөрү кабарланган.