Жол 6 тилкелүү болот. Жибек Жолундагы жаңы көпүрөнүн курулушу кайсы этапта?

Коом 11 ноябрь 2025 16:45
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.43.09.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.43.09 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.43.10.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.43.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.43.12.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнү реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Мэриядан билдиришкендей, учурда батыш тарабындагы тирөөчтөрдүн курулушу толугу менен аяктап, чыгыш тарабында бетон куюу жана монтаждоо иштери уланууда.

Курулуштун биринчи этабынын алкагында көпүрөнү тургузуу үчүн алты устундук конструкция Бишкекке алынып келинди.

Жаңы көпүрө мурдагыга салыштырмалуу бир топ кең жана ыңгайлуу болот — кыймыл тилкелери экиден алтыга чейин көбөйөт. Курулуштун узундугу 25 метрди, туурасы 34,3 метрди түзөт.

Эки жагынан тең жөө жүргүнчүлөр үчүн туурасы 3 метрден болгон тротуар каралган, бул коопсуз кыймылды камсыздайт.