Жогорку сотто санариптик трансформация маселелери талкууланды

Коом Загрузка... 21 Август 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 21.08.2025. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев менен санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангуловдун жумушчу жолугушуусу өттү.

огорку соттон билдиришкендей, жолугушууга тиешелүү жетекчилер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соттор үчүн жаңы санариптик чечимдерди иштеп чыгуу гана эмес, алардын күнүмдүк пайдаланылышы, техникалык коштоо жана башкаруу да абдан маанилүү экенин баса белгилешти. Бул өз кезегинде сот отурумдарынын үзгүлтүксүз өтүшүнө, судьялар менен аппараттардын натыйжалуу иштөөсүнө жана жарандардын соттук маалыматка өз убагында жетүүсүнө түздөн-түз таасир этет.

Тараптар активдүү санариптештирүү шартында соттук инфраструктуранын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жогорку сот мамлекеттик саясаттын алкагында санариптик трансформацияны жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирип, борборлоштурулган санариптештирүү багытында илгерилөө менен катар соттордун туруктуу ишин камсыздоого мүмкүндүк берген тең салмактуу мамиленин зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов сот системасы менен тыгыз кызматташууга даярдыгын тастыктап, биргелешкен аракеттер сот адилеттигинин муктаждыктарына жана милдеттерине жооп берген туруктуу санариптик чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.