Жогорку соттун мурдагы төрагасы Мамадияр Исабаев акыркы сапарга узатылды

Коом 798 17 Апрель 2025 14:40
491936735_1020467886929244_7146581305941857858_n (1).jpg
491032309_1020468143595885_8307736337855877256_n.jpg
491197340_1020468153595884_4207142863254231476_n.jpg
491592508_1020468190262547_3623869352099218349_n.jpg
491831992_1020468140262552_7619028328706731955_n.jpg
491860587_1020468103595889_8261884340183708193_n.jpg
491932297_1020468150262551_6705856111690689794_n.jpg
491937288_1020468146929218_4227647515168435526_n.jpg
492044808_1020468056929227_2616411215006520514_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку сот

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Жогорку соттун мурдагы төрагасы, эмгек сиңирген юрист Мамадияр Исабаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Коштошуу зыйнатына Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сот тутумунун өкүлдөрү жана ардагерлер, туугандары, жакындары жана кесиптештери катышты.

“Бүгүн биз терең кайгыруу менен улууга урмат, кичүүгө сый мамилеси, үлгүлүү жүрүм-туруму менен эл оозуна алынган, антына бек, асыл агабызды жана кесиптешибизди акыркы сапарга узатып жатабыз.

"Жолборс изинен, баатыр сөзүнөн кайтпайт" демекчи, Мамадияр Исламовичтин айткан сөзү менен жасаган иши дайыма дал келчү эле.

Ал көптөгөн улуу-аруу касиеттерди өзүнө камтыган, кара кылды как жарган, мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн, акыйкатты туу кармаган, дили таза, өзүнүн принципиалдуу позициясы бар тажрыйбалуу судья жана жөнөкөй адам катары кесиптештеринин эсинде калат.

Жалпы кыргыз элинин арасында кадыр-баркка ээ болуп, өзүнүн жогорку инсандык жана профессионалдык сапаттарынан улам сот бийлигинин эң жогорку кызматы - Жогорку соттун төрагасынын кызматына көрсөтүлүп, аны 1995-1998- жылдары үзүрлүү жана ийгиликтүү аркалаган.

Сот системасына эмгеги сиңген үчүн көптөгөн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болуп, маанилүү, маңыздүү өмүр сүрүп, аркасынан айтарга жакшы сөз, жакшы из калтыра алды”, — деп белгиледи Нурлан Мусаев.

Мамадияр Исабаевдин сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.