Жогорку Кеңештин төрагасы: Улуу Жеңишке жетишүүдө кыргызстандыктардын салымы чоң болгон

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 18 Апрель 2025 18:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган салтанатка катышты.

Салтанатта төрага Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана элибиздин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгиледи

"Аталарыбыз көп улуттуу мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн күрөшүп, кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүшкөн”, – деди. 

Ошондой эле 9-май ооруктагы оор турмуштун запкысын тарткан адамдардын да эмгегин эске салган күн экенине, кан майданга 360 миңдей кыргызстандык катышканына токтолду.

“Алардын ичинен 130 миңден ашыгы курман болуп, 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланышкан. 22 адам Даңк орденинин толук ээси, 77 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. Биз алардын катарында Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев өңдүү баатырларыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз. Согуштан кайтпай калгандардын элеси ар бир кыргыздын эсинде түбөлүккө сакталып, алардын ысымдары урпактан-урпакка айтыла берет”, – деди. 

Мындан тышкары, согушка катышып, ошол алааматтын күбөсү болгон ардагерлердин саны жылдан-жылга азайып бара жатканын өкүнүү менен белгилеген төрага: “Бирок бүгүнкү муун, өзгөчө келечек ээлери адамзат тарыхындагы кандуу окуянын курмандыктарын унутпай, баатырларыбыздын ысымдарын эскере жүрүшү керек. Айрыкча жаштар азыркы тынч жашообуз канчалаган кыйынчылыктар менен келгенин билиши зарыл”, – деди. 

Сөзүнүн аягында жалпы салтанаттын катышуучуларын Кыргыз парламентинин атынан Жеңиш майрамы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин төрагасы КМШ ПААнын кезектеги жыйындарынын алкагында уюштурулган иш-чаранын маанилүүлүгүн кошумчалады.