Жогорку Кеңештин төрагасы Тажикстанга расмий сапары менен жөнөп кетти

Саясат Загрузка... 15 Сентябрь 2025 11:35
photo_5381960164011269169_y.jpg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстанга расмий сапары менен жөнөп кетти.

Парламенттен билдиришкендей, сапарынын алкагында төрага Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали жана Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Мурадил Сыдыков, Пархат Тулендыбаев, Арсланбек Малиев, Бекмурза Эргешов, Чыңгыз Ажибаев жана Бактыяр Калпаев бар.