Жогорку Кеңештин төрагасы Тажикстандын президенти менен жолукту — Кабар

Жогорку Кеңештин төрагасы Тажикстандын президенти менен жолукту

Саясат 16 сентябрь 2025 12:08
546621630_810858164724585_3890631295704100690_n.jpg
547233471_810858218057913_8741935412531640683_n.jpg
547184897_810858251391243_1242241551438740151_n.jpg
547522436_810858318057903_7010354964294580554_n.jpg
547915179_810858281391240_3964147926109428939_n.jpg
547490906_810858158057919_6045468903376395905_n.jpg
546851996_810858231391245_2544785796841978868_n.jpg
Алдыга
Артка
546621630_810858164724585_3890631295704100690_n.jpg
547233471_810858218057913_8741935412531640683_n.jpg
547184897_810858251391243_1242241551438740151_n.jpg
547522436_810858318057903_7010354964294580554_n.jpg
547915179_810858281391240_3964147926109428939_n.jpg
547490906_810858158057919_6045468903376395905_n.jpg
546851996_810858231391245_2544785796841978868_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу Эмомали Рахмонго президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип: "Эки өлкө башчыларынын эки тараптуу мамлекеттик сапарлары жакын коңшулук жана достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзүп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө да көмөкчү болууда. Бүгүнкү менин расмий сапарым мунун анык далили. Эми эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдары жетишилген келишимдерди колдоого алып, ийгиликтүү ишке ашуусуна жардам беришибиз кажет", – деди.

Ошондой эле эки президенттин саясий эркинин аркасында чек ара маселеси чечилгенин баса белгилеген төрага: “Бул кадам коңшу эки мамлекеттин эле эмес, чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыздоого да чоң түрткү берди. Биз мындан ары бардык багыттагы алакаларды арттырып, экономикалык багыттагы өнөктөштүктү өрчүтүбүүз зарыл. Анткени, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга жеткирүү жаатындагы максатыбызды тез арада ишке ашырып, кызматташтыкты кеңейте алсак, эки өлкөнүн тең өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн болобуз. Айрыкча Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин дарбазасы катары Тажикстандын ири рынокко чыгауусуна көмөк көрсөтүүгө даяр”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде президент Эмомали Рахмон да Тажикстан калыптанган тарыхый алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдирди.

Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү учур талабы экенин айткан Эмомали Рахмон аталган тармакта алгылыктуу иштерди жүргүзүү керектигине токтолду.

Муну менен катар парламенттер аралык диалог өнөктөштүктүн негизги өзөгүн түзөрүн белгилеп: "Сиздин расмий сапарыңыз кыргыз-тажик алакасын жаңы деңгээлге чыгарат деген ишеничтемин", – деди президент.

Мындан тышкары, тараптар маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, экологиялык демилгелерди биргелешип ишке ашыруу жаатында да ой бөлүштү.