Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:
- Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин;
- Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Мальдивдин Шайлоо комиссиясынын;
- Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
- Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
- Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын элчилигинин;
- Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин;
- Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн;
- КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын;
- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын;
- Россиянын Коомдук палатасынын.
Белгилей кетсек, 2-ноябрга карата жалпы 127 эл аралык байкоочу каттоодон өттү.