Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тарады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 25 Июнь 2026 15:30
4135893.465f34ffffde532b17ffd57f5f7884b4.jpg
copyright icon WWW

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин жыйынтыктап, депутаттар жайкы эс алууга тарашты.

Парламенттин жыйынында төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгына токтолуп, депутаттык корпус тарабынан аткарылган иштерге кыскача токтолду. Төрага белгилегендей, сессия учурунда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынды.

Тактап айтканда, жыл башынан бери Жогорку Кеңеш тарабынан жалпысынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, алардын 94үнө президент тарабынан кол коюлган.

Эл өкүлдөрү жайкы эс алуудан кийин өз ишин сентябрь айында улантышат.