Көл жана суу сактагычтарды коргоо күчөтүлүшү мүмкүн

Жогорку Кеңеш
Көл жана суу сактагычтарды коргоо күчөтүлүшү мүмкүн
copyright icon WWW

Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш суу объекттерин, анын ичинде көлдөрдү жана суу сактагычтарды коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Бүгүн жыйында баяндама жасаган депутат Максат Алымбековдун айтымында, документ суу экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү, чарбалык ишмердиктин терс таасирин алдын алуу максатында иштелип чыккан.

Долбоор Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек сыяктуу көлдөрдү, Токтогул, Орто-Токой, Киров жана башка суу сактагычтарды, алардын жээктерин жана суу коргоо зоналарын коргоону камтыйт.

Талкуу учурунда депутаттар суу объекттеринин укуктук макамы, сугат суу объекттерин өткөрүп берүү жана суу аймактарында чачынды алтын казуунун экологияга тийгизген таасири боюнча маселелерди көтөрүштү.

Ошондой эле жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү тартибин өзгөртүү жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.