Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алды.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан ченемдер мамлекеттик сатып алуулар процесстерин оптималдаштырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Ошондой эле мыйзам долбоорунда мамлекеттин маанилүү жана стратегиялык милдеттерин аткаруунун алкагында мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамлекеттик тапшырма түшүнүгү да киргизилүүдө.
Жыйында депутат Дастан Бекешев мамлекеттик компаниялар же мамлекеттик ишканалар субподрядчыларды кантип аныктай турганына кызыкты.
Сыдыковдун айтымында, бюджеттик каражаттарды максаттуу жана эффективдүү колдонууга башкы подрячы жооптуу болот.
Бекешев бул коррупциялык тобокелдиктерди жогорулатпайбы деп сурап, “Ата-Түрк” паркын мисал келтирди.
“Ата-Түрк паркын реконструкциялоо үчүн фонд түзүлгөн, ага 500 млн сом чогултуу керек болчу. Жарандар 180 млн сом чогултканда кайсы бир компания келип, иштерди баштаган. Ал кантип тандалды, эмне үчүн ошол компания? Мындай суроолор көп болушу мүмкүн. Андан көрө, бул мыйзам долбоорун мамлекеттик тапшырма деп атасак болот го”, - деп белгиледи ал.
Өз кезегинде юстиция министри Аяз Баетов эки учурду белгилеп өттү.
“Ата-Түрк паркын мисал келтирдиңиз, азыркы системада ушундай болуп жатат. Адилетсиз аракеттердин коркунучу ар дайым бар жана алар менен күрөшүү керек. Бул мыйзам долбоорунда атайын мамлекеттик тапшырмалар, мисалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү, ШКУ саммитин өткөрүү жана башкалар жөнүндө сөз болууда. Тобокелдиктерге жана аларды кантип чечүүгө байланыштуу ар бир компаниянын белгилүү бир тобокелдиктерди текшерүүнү камтыган корпоративдик эрежелери бар. Экономика министрлиги субподрядчылар менен мамлекеттик ишканалардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуучу стандарттык эрежелерди бекитиши мүмкүн”, - деп белгиледи ал.
Экономика министрлиги мамлекеттик тапшырма түшүнүгүн төмөнкү тармактарга киргизүүнү сунуштоодо:
- маданият жана туризм;
- билим, илим жана саламаттык сактоо;
- президенттин Иш башкармалыгы тарабынан уюштурулчу иш-чаралар;
- эл аралык автомагистралдардын курулушу, ремонт жана реконструкциясы;
- экономиканын тармактарын өнүктүрүү жана негизги фонддорду түзүү, жогорулатуу жана өнүктүрүү;
- президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусунда расмий иш-чараларды уюштуруу.
Министр белгилегендей, мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр мөөнөттөрдү жана чыгымдарды, ошондой эле терс факторлорду жок кылат жана бюрократизация процесстерин кыскартат.
Депутат Медербек Алиев мыйзам долбоору менен сунушталган ченемдер заманбап талаптарга жооп берерин айтып, тендер өткөрүүдө сатып алуучу уюм эң төмөн баага көңүл бурарын, мындай шартта сатылып алынган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөн болуп келгенин кошумчалады.