Жогорку Кеңеш Канатбек Чыныбаевдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш 11 март 2026 10:45
Жогорку Кеңеш Канатбек Чыныбаевдин талапкерлигин колдоду
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеш Канатбек Чыныбаевди өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Талапкерди парламенттин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Буга чейин анын талапкерлигин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жактырган.

Белгилей кетсек, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов пара алууга шектелүүдө. Ал күн мурун кызматынан бошотулган.