ӨКМ башчысы эмне үчүн кызматтан алынганы ачыкталды

Коом Загрузка... 10 Март 2026 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, Урматбек Шамырканов министрликтин бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган.

Кызматкер айтылган сумманын жарымын Урматбек Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп бергенин айткан. Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин, айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң, кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген.

Аскат Алагөзовдун айтымында, Баткенге которулган кызматкер президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган. Мамлекет башчысы арызда келтирилген дооматтарды териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырган.

"Көзөмөлдөөчү орган арызда айтылгандар тастыкталганын билдирген. Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул окуя “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөздүн айкын мисалынын бири. Азыр кыңыр иштер кырк жылда эмес, кырк эле күндө билинген заман. Андыктан башка мамлекеттик кызматкерлерге бул чоң сабак болушу керек. Кимдир бирөөнүн ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге барганы билинип калса өлкө жетекчилиги “жаңы эле министр кылып дайындап алдык эле же жогорку кызматка коюп алдык эле, эми бул жалпы бийликтин аброюна шек келтирбейби” деп аларга көз жуумп койбойт. Бүгүнкүдөй эле чечкиндүү кадамдар жасалат”, - деп белгиледи ал.

Эске салсак, Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри болуп 19-февралда дайындалган.