Кыргызстан деңиз биоресурстарын коргоо боюнча глобалдык аракеттерге кошулат

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 09:55
marine-biodiversity-1170x669.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Жогорку Кеңеш БУУнун деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча макулдашуу документин ратификациялады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Документ Кыргызстанды БУУнун деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизиндеги улуттук юрисдикциянын чегинен тышкаркы аймактардагы деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашууга кошулуусун камсыздайт.

Кыргызстандын аталган макулдашууга кошулуусу:

  • деңиз биоресурстарын коргоо боюнча глобалдык аракеттерге салым кошот;
  • БУУнун алкагындагы милдеттенмелерди аткарууга өбөлгө түзөт;
  • айлана-чөйрөнү коргоо жана климат боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдейт;
  • өлкөнүн дүйнөлүк экологиялык диалогдогу аброюн жогорулатат.

Макулдашуу ачык деңизде коргоо аймактарын түзүүнү, деңиз генетикалык ресурстарынан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүүнү, айлана-чөйрөгө таасирди баалоону жана илим менен технология тармагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоону камтыйт.

Кыргызстан үчүн бул кадам — эл аралык илимий-технологиялык демилгелерге жол ачуу, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын (айрыкча 14-Максат — "Деңиз экосистемаларын сактоо") илгерилетүү жана климаттык маселелер боюнча позициясын бекемдөө мүмкүнчүлүгүн берет.