Жогорку Кеңеш бир катар эл аралык макулдашууларды колдоду

Жогорку Кеңеш 15 октябрь 2026 14:55
Жогорку Кеңеш бир катар эл аралык макулдашууларды колдоду
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар эл аралык макулдашууларды ратификациялоого багытталган мыйзам долбоорлору каралды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач “2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган министрлер кабинети менен Сейшел аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору бардык депутаттардын оң корутундусуна ылайык, үч окууда жактырылды.

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Сейшел аралдарынын жарандары макулдашуунун тараптарынын аймагында 30 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулаары каралган. Жарандардын 1 календардык жылдын ичинде мамлекеттердин аймагында жүрүүсүнүн жалпы узактыгы 90 күндөн ашпоого тийиш.

Андан тышкары, жыйында “2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Тоголез Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үч окууда колдоо тапты. 

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери болгон жана Тоголез Республикасынын дипломаттык жана расмий паспорпорунун ээлери болгон жарандары макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кируу, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулат деп каралган.

Ошондой эле депутаттар “2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Тоголез Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, үч окууда кабыл алышты.