Оштун 32 айылына таза суу жетет: ЖК бир катар макулдашууларды колдоду

Жогорку Кеңеш
Оштун 32 айылына таза суу жетет: ЖК бир катар макулдашууларды колдоду
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Ош облусунун калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоого багытталган 60 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылык макулдашууну биринчи окууда колдоп беришти. Бул тууралуу Парламенттен билдиришти.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеевдин айтымында, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 20 жылдык мөөнөткө бөлүнүп жаткан бул каражатка Кара-Суу районунун 26 жана Өзгөн районунун 6 айылындагы 178 миңден ашуун тургун борборлоштурулган таза суу менен камсыздалат. Долбоор аяктаган соң курулмалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.

Талкуу учурунда эл өкүлдөрү аймактардагы (Ноокат, Токтогул, Гүлчө, Отуз-Адыр, Кароол) эскирген суу түтүктөрү, мөөнөтү созулган курулуштар жана айылдарды тандоо критерийлери боюнча суроолорду көтөрүп, аткаруу бийлигин көзөмөлдү күчөтүүгө чакырышты.

Мындан сырткары, жыйында депутаттар ЕАЭБ алкагында агроөнөр жай кооперациялык долбоорлоруна финансылык көмөк көрсөтүү протоколун (1-окууда) жана Япония (JICA) менен "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" гранттык макулдашуусун (3 окууда) жактырышты.