Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев жогорку аскердик окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу процессинин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, Шаршеев кабыл алуу комиссиясынын ишин, абитуриенттер үчүн түзүлгөн шарттарды, медициналык кароодон өткөрүү жана тестирлөөнү уюштуруу иштерин деталдуу түрдө көрүп чыгып, окууга тапшырып жаткан талапкерлер менен жеке баарлашты.
Ошондой эле ал кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган талаптарды жеткирип, кабыл алуу өнөктүгүн мыйзамдуулуктун, ачык-айкындуулуктун жана калыстыктын негизинде өткөрүүнү талап кылды.