Эл өкүлдөрү Минсктеги хирургия, трансплантология жана гематология илимий-практикалык борборуна барышты

Жогорку Кеңеш 3384 27 Январь 2025 15:42
475079748_930250399288183_7261460480272381418_n.jpg
475136673_930250315954858_7834226786715260898_n.jpg
474950974_930250412621515_6530264467440338944_n.jpg
Алдыга
Артка
475079748_930250399288183_7261460480272381418_n.jpg
475136673_930250315954858_7834226786715260898_n.jpg
474950974_930250412621515_6530264467440338944_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы хирургия, трансплантология жана гематология илимий-практикалык борборунда болушту.

Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлдөрү аталган мекеменин иши менен таанышып, илимий жетишкендиктер жана медициналык технологиялар тууралуу маалымат алышты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашуу, хирургия жана трансплантология боюнча медициналык адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты",-деп айтылат маалыматта.