ЖККУнун эл аралык аброюн бекемдөө боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү – Жапаров

Саясат Загрузка... 27 Ноябрь 2025 16:34
photo_5278286495372480057_w.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. ЖККУнун эл аралык аброюн бекемдөө жана тышкы саясий координацияны кеңейтүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү жыйында аймактык жана глобалдык коопсуздуктун негизги аспектилери боюнча ачык пикир алмашуу болуп, сессиянын күн тартибинин бардык пункттары боюнча өз ара түшүнүшүү камсыздалды.

“Сессиялар аралык мезгилде коопсуздуктун заманбап чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды. Биздин уюмдун эл аралык аброюн бекемдөө жана тышкы саясий координацияны кеңейтүү боюнча иштер жигердүү жүргүзүлдү. Аскердик, аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык тармагында практикалык чаралар ишке ашырылды”, - деди президент.

Президент белгилегендей, бир катар ири машыгуулар өткөрүлдү. Алардын катарында ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен биргелешкен “Өз ара аракеттенүү–2025” машыгуусу, чалгындоо бөлүктөрүнүн атайын «Издөө–2025» машыгуулары, ошондой эле Беларуста өткөрүлгөн материалдык-техникалык камсыздоо боюнча «Эшелон–2025» машыгуусу бар. Мындан сырткары, Кыргызстанда Борбор Азия аймагынын Жамааттык ыкчам жайгашуу күчтөрү менен «Чек–2025» командалык-штабдык машыгуулары, Тажикстанда «Бузулгус бир туугандык–2025» жана ЖККУнун радиациялык-химиялык коопсуздук жана медицина багытындагы бөлүктөрүнүн катышуусундагы «Барьер–2025» атайын машыгуулары өткөрүлдү.

«Бул жана башка иш-чаралар мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн арасындагы аракеттердин шайкештигин камсыздап, алардын коюлган милдеттерди аткарууга даярдыгын жогорулатты. Терроризм жана экстремизм максаттарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу фактыларын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ЖККУ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, кызматташтыгы улантылды. Жалпысынан айтканда, уюмдун 2025-жылга пландалган иш-чаралары ийгиликтүү аткарылды», - деп билдирди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келерки жылдагы ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн багыттары аныкталып, тиешелүү милдеттер коюлду.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, кабыл алынган тартипке ылайык, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмундагы кийинки төрагалык Россия Федерациясына өттү.