Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Жалпысынан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 2025-жылга пландалган иш-чаралары ийгиликтүү аткарылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү жыйында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келерки жылга карата ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары аныкталып, тиешелүү милдеттер белгиленди.
“Белгиленген тартипке ылайык, ЖККУга кийинки жылга төрагалык кылуу Россияга өтөт. Ушуга байланыштуу мен сөздү Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путинге берем. Россиянын Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна төрагалык кылуу мезгилиндеги иштин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берет”, - деди президент.
Кеңейтилген курамдагы бул жыйынында Владимир Путин 2026-жылы Россиянын ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарына токтолду.
Белгилей кетсек, Бишкекте "Ынтымак Ордодо" ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.