ЖККУга мүчө мамлекет башчылары "Ынтымак Ордого" келишти

Саясат 1163 27 Ноябрь 2025 12:05
photo_5278286495372479696_y (1).jpg
photo_5278286495372479695_y (1).jpg
photo_5278286495372479694_y (1).jpg
photo_5278286495372479693_y (2).jpg
photo_5278286495372479692_y (1).jpg
photo_5278286495372479683_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5278286495372479696_y (1).jpg
photo_5278286495372479695_y (1).jpg
photo_5278286495372479694_y (1).jpg
photo_5278286495372479693_y (2).jpg
photo_5278286495372479692_y (1).jpg
photo_5278286495372479683_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларын “Ынтымак Ордо” имаратында президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышуу үчүн уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин жана Тажикстан президенти Эмомали Рахмон келишти.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтмөкчү.

Эскерте кетсек, кечээ, 26-ноябрда ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Кыргызстанга келген.