Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчылары саммиттин алдында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында этномаданий программа менен таанышты.
Жогорку даражалуу конокторду кыргыз элинин салттуу турмушу менен маданиятынын элементтери көрсөтүлгөн “Кыргыз айылы” этнографиялык комплекси менен тааныштырышты. Анын ичинде боз үйлөрдүн жасалгасы, улуттук турмуш-тиричилик буюмдары, уз-чеберлердин эмгектери, ошондой эле уюмга катышуучу-мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров мамлекет башчыларына кыргыз элинин сый-урматынын жана меймандостугунун символу катары колго жасалган панно жана улуттук музыкалык аспаптарды тартуу кылды.