Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясы Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерге байланыштуу билдирүү жасады. Кайрылуунун негизги өзөгү өз ара сокку уруудан баш тартуу жана тынчтык чечимдерин издөөгө басым жасоо чакырыгы болду.
"Биз бардык тараптарды токтоолукка жана аймактагы кырдаалды курчута турган аракеттерден баш тартууга чакырабыз. Күч колдонууну жол берилгис деп эсептейбиз жана болгон карама-каршылыктарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерине жана БУУнун уставына ылайык, диалог, өз ара сыйлашуу жана бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен бир гана тынчтык жолу аркылуу жөнгө салууга чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ЖККУ ПА БУУга жана анын Коопсуздук кеңешине кайрылып, кырдаалдын андан ары курчуп кетүүсүнүн алдын алуу жана эл аралык укук ченемдеринин иштешин калыбына келтирүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.
"Ирандын суверенитетин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу зарылдыгын белгилейбиз. Ирандын өкмөтү жана эли менен тилектештигибизди, ошондой эле аларды колдой тургандыгыбызды билдиребиз", — деп көрсөтүлгөн билдирүүнүн текстинде.
Коопсуздук чөйрөсү боюнча эксперт Эдил Марлис уулу "Кабар" агенттигине берген комментарийинде жаңжалдан тынчтык келишимдери аркылуу чыгуу оңой болбой турганын, бирок дипломатия куралдуу кагылыштан күчтүү экенин белгиледи.

" ЖККУнун бирдиктүү жообу абдан логикалуу. Согуштар эч качан бекем жана узак мөөнөттүү тынчтык менен аяктабайт, ага шарттар сүйлөшүү столунда гана иштелип чыгышы мүмкүн. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга өзөктүк куралы бар өлкөлөр тартылганын эске алуу өтө маанилүү. Иран Борбор Азия чөлкөмүндөгү биздин эң жакын кошунабыз. Тынчтык процессин баштоо үчүн эл аралык олуттуу аракеттер керек. Ошондуктан ЖККУнун Парламенттик ассамблея аркылуу бул ишке киришкени абдан туура кадам. Мындан аркы чыңалууну болтурбоо үчүн бул аракеттер улантылышы керек", — деди Эдил Марлис уулу.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров дагы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга комментарий берип жатып, чыңалуунун курчушуна терең тынчсыздануусун билдирген жана тараптарды аскердик аракеттерди токтоосуз токтотууга жана тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган. Чыңалуу жогорку деңгээлде турганда мунаса издөө абдан татаал, ошентсе да бул туруктуу тынчтык келишимдерине жетишүүнүн жалгыз жолу.