Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Үч жылдын ичинде ЖККУнун жамааттык күчтөрүнүн өздүк курамынын саны 1,8 эсеге өсүү менен 30 миң адамга жетип, авиациялык топ да күчтөндүрүлдү. Бул тууралуу ЖККУ башкы катчысы Имангали Тасмагамбетова маалымат жыйынында билдирди.
Маалым болгондой, башкы катчы ЖККУнун үч жылдык ишмердүүлүгүнө сереп салуунун алкагында бир катар маанилүү жетишкендиктерди белгиледи.
“Операциялардын практикалык жыйынтыктары менен 2025-жылы баңгизатка каршы "Канал" операциясынын жүрүшүндө 8 тоннадан ашык баңгизат алынды. Ал эми 2024-жылы өткөрүлгөн “Нелегал” операциясы 130 миңден ашуун миграциялык мыйзам бузууларды аныктоого жана токтотууга көмөк болду. Аскердик кызматташтыктын өнүгүшү багытында "Өз ара аракеттенүү”, "Бузулбас боордоштук" жана башка ири машыгуулар үзгүлтүксүз өтүп, заманбап согуштук тажрыйба интеграцияланууда”,- деди Тасмагамбетов.
Ошондой эле ал киберкоопсуздук боюнча ЖККУнун алгачкы эл аралык конференциясы, кибер машыгуулар өткөрүлгөндүгүн жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча координация күчөтүлүп жатканын маалымдады.
Эскерте кетсек, күн мурун ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтүп, ага Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын президенттери катышты. Жыйында аймактагы коопсуздук маселелери талкууланып, кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир нече документтерге кол коюлду.
ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмдун акыркы үч жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Россияга өттү.