Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) аймактык жана глобалдык коопсуздукту ар тараптуу бекемдөө үчүн бардык деңгээлдеги кызматташтыкты арттырууда. Бул тууралуу ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков ЖМК өкүлдөрүнө берген маегинде билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.
"БУУ биздин негизги өнөктөшүбүз бойдон калууда. ЖККУ менен БУУ бардык деңгээлде, анын ичинде чыр-чатактын алдын алуу жана чечүү, тынчтыкты сактоо, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, эл аралык маалыматтык коопсуздук сыяктуу алгылыктуу багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүдө", - деп белгиледи ал.
Башкы катчы "ЖККУ — аймактык туруктуулукту камсыз кылган натыйжалуу, ар кандай шарттарга туруктуу түзүм жана глобалдык коопсуздук тутумунун ажырагыс бөлүгү" экенине көңүл буруп, уюм муну ондогон жылдар бою далилдеп келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, евразиялык коопсуздуктун жаңы архитектурасы калыптанып жаткан шартта, башка эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат.
"Учурда биз аймактык түзүмдөрдүн, өнүгүп келе жаткан жана орто мамлекеттердин БУУнун тутумунун топтолгон тажрыйбасына жана инструменттерине таянуу менен аймактык көйгөйлөрдү чечүүдө алдыңкы ролду ойноо жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына күбө болуудабыз.
2026-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясында БУУ менен ЖККУнун кызматташуусу боюнча эки жылда бир жолу кабыл алынган резолюция бекитилет деп үмүттөнөбүз", - деп баса белгиледи Масадыков.